Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Экинчи кайрылгыс, баш көтөргүс кылып катуу коркутуу, сазайын берүү, запкы көрсөтүү. Күйөө чанган бышык келиндин ушинтип сазайын окутуу, жүрөгүн өлтүрүү кайнене, кайнатанын максаты болучу (Сыдыкбеков). Кедей болушту Төрөгелдиге окшотуп жүрөгүн өлтүрсө, башкалар кынына кирбейби? (Каимов).